69ɫ

БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

69ɫ HIGHLIGHTS

“Психология” факультети

“Психология” программасы Кошмо Штаттардагы психологиялык стандарттарды карманган жана колдонмо психологиянын артыкчылыктары менен жол туткан Кыргыз Республикасындагы алгачкы программа болуп эсептелет.... Read More

БААУ жана Azizi Group Меморандум түзүштү

Бард-колледждин аткаруучу вице-президенти, БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин мүчөсү, доктор Джонатан Беккер жана Azizi Group компаниясынын төрагасы Мирвайс Азизи мырза тарабынан жетишилген макулдашуу ооганстандык студенттердин жогорку билимге жетүүсүн камсыздоо боюнча маанилүү милдеттенмени бекитет.... Read More

БААУ Azizi Group менен өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол койду

Бул окуя тууралуу видеорепортажды “TV15 – Кыргызстан” телеканалы даярдаган.... Read More

Эл аралык тажрыйба алмашуу: БААУнун китепканасы OSUN программасынын алкагында кесиптештерин кабыл алды

2025-жылдын 11-17-июнунда БААУнун китепканасы OSUN мобилдүүлүк программасынын алкагында төрт чет өлкөлүк адисти кабыл алды: Палаш Босганг (Бард колледжи, АКШ), Аделина Бързашка жана Радина Китанова (Болгариядагы Америка университети), Вин Заяр Тун (Парами университети, Мьянма).... Read More

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол койду

Жума күнү, 11-июлда Борбордук Азиядагы Америка университетинде (Бишкек, Кыргызстан) Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан кыймылсыз мүлк жана инвестициялар тармагындагы алдыңкы компаниялардын бири Azizi Group менен өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум түзүлдү.... Read More

“Программалык инженерия” факультети

БААУнун “Программалык инженерия” бакалавриат программасы программалык камсыздоону иштеп чыгуу, пайдалануу жана коштоо үчүн системалаштырылган жол тутууну колдоно алган, программалык камсыздоону жаратуу жана долбоорлоо процессинде инженердик принциптерди пайдалана турган адистерди даярдайт.... Read More