69ɫ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун жашыл клубунун ыктыярчыларына сертификаттарды тапшыруу: эмгектин баалануусу жана жылды шыктануу менен жыйынтыктоо

27&Բ;мая&Բ;2025

#цга#greenauca#CCE

23-майда БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору Green Club 69ɫ ыктыярчыларына сертификаттар менен эстелик белектерин тапшырды. Иш-чара жылдын жыйынтыгын чыгарып, өз убактысын коомчулук менен курчап турган айлана-чөйрөнүн жыргалчылыгы үчүн арнаган жаштарга ыраазычылык билдирүүгө ыңгайлуу жагдай жаралды.

Иш-чараны ачып жатып БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун аткаруучу директору Нуржамал Карамолдоева ыктярчылар менен жылуу учурашты. Ал борбордун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып, ыктыярчылардын салымы ишке ашырылган долбоорлордун баарында чоң болгонун белгиледи.

“Сиздердин күч-аракеттериңиздер, кайдигер эмес мамилеңиздердин негизинде биз бардык иш-чараларды ийгиликтүү өткөрдүк. Коомчулук позитивдүү өзгөрүүлөрдү киргизүүгө жөндөмдүү кайдигер эмес жана активдүү жарандардын аракеттеринин негизинде курулат. Сиздердин эмгегиңиздер бизди абдан таасирлентти”.

Ыктыярчыларга сертификаттарды тапшыруу экинчи жыл өткөрүлүп жатат. Сертификаттар коомдук иштерге 11 сааттан кем эмес убакыт бөлгөндөрдүн баарына тапшырылды. Ошентсе да ар бир ыктыярчынын салымы маанилүү, мейли ал бир нече саат сарптаган болсун. Анткени мындай иш-аракеттер көп нерселерди өзгөртө алат.

Green 69ɫ программасынын координатору Маргарита Лазуткинанын айтымында, быйыл ыктыярчылык жумуштарга 1-курстан 4-курска чейин 45 студент катышкан. Мындан тышкары Жаңы муун академиясынын студенттери да. Студенттердин 31и ар кандай долбоорлордо жардам беришсе, 15 студент туруктуу түрдө катышкан. Сааттардын көлөмү боюнча абсолюттук лидер Луна Мальцева болду. Анын көрсөткүчү – 91,5 саат.

Өзгөчө белектер болгон Kitchenette`ге купондорго таштандыларды компосттоого активдүү катышкан студенттер ээ болушту.

Сертификаттарды тапшыруудан кийин ыктыярчылар өз таасирлери менен бөлүшүп, долбоорлорго катышуудан эмнелерди үйрөнгөнүн айтып беришти. Алар алган эң баалуу нерсеси бул тажрыйба, байланышуу ыкмалары жана жоопкерчилик сезими болгонун белгилешти. Көпчүлүгү өз ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыгын көргөндөн кийин коом үчүн ыктыярчылык кыймылы канчалык маанилүү экенин түшүнгөнүн баса белгилешти.

Туруктуу бекем өнүгүү чөйрөсүндөгү ыктыярчылык – бул жөн гана жардам эмес, а келечекке салым. Студенттердин Green Club экологиялык долбоорлоруна катышуусу ресурстарга болгон жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жардам берет, экологиялык аң-сезимди өнүктүрөт жана реалдуу аракеттерге үндөйт. Дал ыктыярчылардын жардамынын негизинде калдыктарды ылгоо, компосттоо, аң-сезимдүү керектөө жана агартуучулук иштери боюнча демилгелер мүмкүн болууда. Мындай күч-аракеттер университеттик коомчулукту бир топ экологиялык жана туруктуу кылып, ал эми студенттердин өзүлөрүн коомдо жашыл өзгөрүүлөрдү жайылтуучулардын катарына кошот.

<<