БААУда “БУУнун үлгүсү” конференциясы болуп өттү
30&Բ;мая&Բ;2025
25-майда БААУда жогорку класстардын окуучулары үчүн “БУУнун үлгүсү” конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучулары БУУнун Кыргызстандагы үлгүлөрүнүн ассоциациясы жана БААУнун Студенттерди тартуу жана кабыл алуу боюнча кеңсеси болушту. 10-11-класстардын окуучулары БУУнун комитеттеринин отурумдарына окшоштурулуп уюштурулган дебаттарга катышты.
Ачылыш аземинде БААУнун Студенттерди тартуу жана кабыл алуу боюнча кеңсесинин кызматкерлери Сабина Сейталиева жана Салтанат Юсуповалар БААУда жеткиликтүү болгон академиялык программалар, окууга тапшыруу шарттары жана каржылык колдоо тууралуу бет ачар тартуулашты.
БУУнун Кыргызстандагы үлгүлөрүнүн ассоциациясынын иштөө принциптери жөнүндө анын өкүлү Айзирек Мырзабекова айтып берди.
Конференциянын башкы катчысы, БААУнун экинчи курсунун студенти Эркайым Жаныбекова жана анын орун басары Марьям Атабековалар делегаттарды жылуу тосуп алышып, ийгиликтерди каалашты.
БУУнун үлгүсү - бул илимий конференция менен ролдук оюндардын айкалышы болуп, анын алкагында катышуучулар БУУнун органдарынын ишин аткарышат, дипломатиялык, лидерлик, чечендик жана тилдик ыкмаларын өнүктүрүшөт. Ошондой эле компромисстерге келүүнү үйрөнүшөт. Ар бир катышуучу кайсы комитетте иштөөсүн тандоо укугуна ээ болду. Комитеттердин күн тартиптери алдын-ала таратылып, делегаттар өкүлү болгон мамлекеттер аныкталган. Бул катышуучулардын сессияларга даярдануусун, талкуулануучу маселелер боюнча өз өлкөсүнүн позициясын жана анын глобалдык процесстерге катышуусун иликтөөсүн камсыздады.
Быйыл дебаттар 5 комитетте өткөрүлдү:
ЮНЕСКО:
“Гуманитардык кризистердин шартында сапаттуу билимге жетүү: Эл аралык кызматташтыктын ролу”
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму:
«Жаштардын психикалык ден-соолугун чыңдоо боюнча глобалдык стратегия: депрессиялар жана суициддердин көйгөйлөрү»
Коопсуздук кеңеши:
«Сахель аймагында суу ресурстарынын жетишсиздигинен улам куралдуу кагылышуулардын коркунучу»
UNODC(БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы):
Addressing the Rise of Cyber-Enabled Organized Crime: Developing Unified Legal Frameworks Across Borders
Генералдык Ассамблея:
Ensuring Equitable Climate Financing: Supporting Vulnerable Nations in Achieving Carbon Neutrality
Конференциянын жыйынтыгында ар бир комитетте төмөнкү наамдардын ээлери аныкталды: мыкты делегат, мыкты спикер жана мыкты позициялык докладдын автору
Жеңүүчүлөр:
UNESCO
Best delegate - Adilya Yanlosan
Best Speaker - Arlen Mahmutov
Best Position Paper - Miraida Karimova
Генералдык Ассамблея
Delegate: Aidana Kabylova
Speaker: Erbol Turdakunov
Paper: Aike Isaeva
UNODC
Best delegate North Korea (Saparbekov Shafkhat)
Outstanding Nigeria (Muhammad Hasan)
Position paper China (Adelya Muktarbekova)
Коопсуздук кеңеши
Мыкты доклад: Burkanova Sabina
Мыкты спикер: Barpybekova Nazik
Мыкты позициялык докладдын автору: Imashova Akylai
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Мыкты доклад: Махаматаминова Нилуфар
Мыкты спикер: Жакшылыкова Умай
Мыкты позициялык докладдын автору: Сагынбеков Нурсултан