БААУнун “Антропология жана Эл аралык өнүктүрүү” факультети
3&Բ;июня&Բ;2025
#антропология#anthrolopogy#ANTH
БААУнун “Антропология жана Эл аралык өнүктүрүү” факультети студенттерди адамдардын, маданияттардын жана глобалдык өзгөрүүлөрдүн ааламына академиялык саякаттоого чакырат. Бул жерде адамдык тажрыйба кантип калыптанары иликтенет - адамзаттын келечегине таасир эткен күнүмдүк адаттар менен салттардан тарта глобалдык процесстерге чейин.
Заманбап антропология артефакттар менен салттык коомчулуктардын чегинен эбак чыгып кеткен. Тез өнүгүп жаткан технологиялык өзгөрүүлөрдүн, экономикалык интеграциялардын жана Эл аралык демилгелердин шартында антропологиялык ыкмалар өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Факультетте студенттерге глобалдык рыноктун, диндин, саясаттын, туруктуу бекем өнүгүүнүн жана заманбап технологиялардын контекстинде адамдык тажрыйбалардын көп түрдүүлүгүн анализдөө, түшүнүү жана иштөө үйрөтүлөт.
Дисциплиналар аралыктуулук, тажрыйба жана глобалдык фокус
Программа өзүнө 3 маанилүү компонентти камтыйт:
Изилдөөчүлүк ыкмалар менен теориялык негиздерге басым жасалган антропология тармагында базалык академиялык даярдык;
Эл аралык өнүктүрүү, социалдык адилеттүүлүк, туруктуу жана глобалдык өз-ара аракеттенишүү тармагындагы чакырыктар жана багыттар менен таанышуу;
Алынган билимдерди реалдуу шарттарда колдонууга мүмкүнчүлүк берген практикалык ишмердүүлүк жана тажрыйба арттыруу - өкмөттүк эмес уюмдарда, изилдөөчүлүк борборлордо, мамлекеттик жана Эл аралык институттарда.
Мындан тышкары студенттер Эл аралык академиялык алмашууларга катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Мындай программалардын арасында Бард-колледж (АКШ) жана Борбордук-Европалык университет (Венгрия-Австрия) бар.
Окууну аяктагандан кийинки келечек
Бүтүрүүчүлөр өз дараметтерин ар кандай тармактарда ишке ашырышат:
Эл аралык жана гуманитардык уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары,
Байланыштар, PR жана медиа өндүрүш;
Академиялык жана аналитикалык жумуш;
Биз жөн гана адистерди эмес, а ойлоно алган, социалдык процесстерди терең түшүнгөн жана тез өзгөрүп бараткан ааламда эмгектене алган адамдарды даярдайбыз.
Билим алууга 100% арзандатуу — мыкты абитуриентке!
Факультет кабыл алуу сынактарында мыкты натыйжаны көрсөткөн абитуриентке 100% толук арзандатуу тартуулайт. Бул таланттуу студенттер үчүн билимдердин эң бир актуалдуу жана келечеги кең тармактарынын биринде окууну баштоого уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Кошумча маалымат:
Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылуулар үчүн:
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18