69ɫ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Бизнес башкаруу” факультети

4&Բ;июня&Բ;2025

#бизнес-управление#бизнес-башкаруу#SEBA

БААУнун атаандаштыкка туруктуу бакалаврдык программаларынын бири – “Бизнести башкаруу”. Бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик 100% ЖОЖду аяктар замат жумушка орношушат. Факультеттин бүтүрүүчүлөрү каржы жана аудитордук чөйрөлөрдө эмгектенишет, жергиликтүү же Эл аралык фирмаларды жетектешет же жеке бизнестерин ийгиликтүү жүргүзүп келишет.

Программа негизги төрт бизнес-сабактарды иликтейт: менеджмент, маркетинг, каржы жана каржылык эсеп. Менеджмент курсу компаниялардагы башкаруу жана лидерлик, пландоо жана стратегиялар менен тааныштырат. Маркетинг кардарлар менен пайдалуу жана бекем мамилелерди жаратууну камсыздайт. Курс маркетингдик шаймандар жана чечимдер, маркетингдик менеджмент жана ошондой эле маркетингдин көрүнбөгөн жашыруун жактарынын мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү менен тааныштырат. Ар бир ийгиликтүү жеке ишкер өз бизнесинин каржылык аспектилерин түшүнүүсү керек. Каржы жана каржылык эсепке киришүү сизге каржылык көрсөткүчтөрүңүздү жана ишкерлигиңиздин ийгиликтүүлүгүн өлчөө, башкаруу жана пландаштыруу үчүн шаймандарды берет.

Программа тууралуу толук маалыматты бул жерден көрүп алууга болот: . Электрондук почта: busadm@auca.kg

Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылыңыз:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg

<<