69ɫ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Академиялык китепканалар: Тренддер жана инновациялар” Эл аралык конференциясы Бишкекте өтөт

10&Բ;июня&Բ;2025

#library#библиотека#китепкана

2025-жылдын 12-13-июнь күндөрү Борбордук Азиядагы Америка университетинде “Академиялык китепканалар: Тренддер жана инновациялар” Эл аралык конференциясы өткөрүлөт.

Иш-чара академиялык китепканалар тармагында тажрыйба алмашуу, заманбап тенденцияларды талкуулоо жана улуттук чечимдерди алга жылдыруу үчүн кесипкөйлүк аянтчага айланат. Ага Борбордук Азия жана чет өлкөлөрдөн жалпысынан 100дөн ашуун адис катышат.

Иш-чаранын алкагында алдыңкы маалыматтык ресурстар менен сервистердин провайдерлеринин азыктарынын жарманкеси орун алат: EBSCO, Clarivate, IEEE, OCLC, MyLoft жана башкалар.

Конференция КРнын жана чет өлкөлүк университеттер жана маалыматтык ресурстардын жеткирүүчүлөрү менен өнөктөштүктө уюштурулду. Мындай кызматташтык глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында маалыматтык-китепканалык секторду өнүктүрүүдө биргелешкен иш-аракеттердин маанилүүлүгүн белгилейт.

Конференциянын программасы менен сайттан таанышып алсаңыз болот:.

<<