69ɫ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУда “Өнүгүүнүн өзөгү – мугалим” китебинин бет ачары болуп өттү

27&Բ;декабря&Բ;2025

БААУда 23-декабрда “Өнүгүүнүн өзөгү – мугалим” (“Основа развития – учитель”) китебинин бет ачары болуп өттү. Анын авторлору – Кыргызстандын Эмгек сиңирген мугалими, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Орозали Сайдилканов жана Назарбаев университетинин ассоциацияланган профессору, билим берүү системасын изилдөөчү Дүйшөн Шаматов – баарлашуу форматында гумандуулукка басым жасоо менен мугалимдин миссиясынын, Кыргызстандагы билим берүү тармагындагы реформалардын негизги темаларын көтөрүштү.

Иш-чаранын модераторунун милдетин БААУнун “Эркин искусстволор жана илимдер” факультетинин деканы Данияр Карабаев аркалады. Ал өз сөзүндө университет аталган эмгекти тартуулоо үчүн аянтча бөлүп бергенине жана муну менен мугалим, анын миссиясы жана Кыргызстанда билим берүү системасы кандай болуусу керек экендиги тууралуу маанилүү талкууга колдоо көрсөткөндүгүнө кубанычта экенин белгиледи.

Иш-чаранын катышуучуларына БААУнун академиялык маселелери боюнча вице-президенти Чынаркуль Рыскулова кайрылды. Эмгектин өз убагында жарык көргөнүн жана маанилүүлүгүн белгилөө менен Чынаркуль айым буларга токтолду: “Бүгүнкү күндө мугалим жөнүндө ар бир сөз, жазылган ар бир китеп – бул билим берүү жана келечекке чоң инвестиция. Мугалим билим берүү реформаларынын объектиси эмес, мугалим – өзгөрүүлөрдүн активдүү катышуучусу жана реформалар мугалимсиз ишке ашпайт. Менимче бул эмгек менен авторлор мугалимдин ролун коомдук талкуунун борборуна чыгарууда жана билим берүү тармагында ой-жүгүртүү жана конструктивдүү баарлашуу үчүн чөйрө жаратышууда”.

Бет ачардын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин алдындагы педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомамбетов да кайрылды. Ал жаңы жарык көргөн эмгекти жогору баалады. Өз сөзүнүн аягында Алмазбек Даткабекович эмгектин авторлорун Институттун 80 жылдыгына карата бекитилген “Жыл мугалими” төш белгиси менен сыйлады.

Андан соң сөз кезеги китептин авторлоруна берилди. Орозали Сайдилканов бул эмгек эмне себептен жасалгандыгын айтып берсе, Дүйшөн Шаматов чыныгы мугалим кантип калыптанары жана педагогго карата гумандуу мамиле эмнени билдирүүсү тууралуу ой-толгоолору менен бөлүштү.

Бет ачар суроо-жооптор менен жыйынтыкталды. Анын жүрүшүндө катышуучулар өз-ара пикир алмашып, окутуу ыкмалары жана билим берүү реформалары кандай ишке ашырылуусу тууралуу ойлору менен бөлүштү. Белгилей кетсек, китеп мектептердин директорлору менен мугалимдерине, билим берүү тармагында эмгектенгендерге жана жалпы эле коомчулук үчүн арналган.

<< Назад к списку