69ɫ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУ менен таанышуу: Ачык эшиктер күнү

14&Բ;января&Բ;2026

БААУ 14-февралда абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин Ачык эшиктер күнүнө чакырат!

Сиздер окууга тапшыруунун эрежелери жана мөөнөттөрү, кабыл алуу сынактары, бакалавриат жана магистратура программалары, ошондой эле каржылык колдоо алуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен маалыматтарды аласыздар.
Ачык эшиктер күнүнүн программасында профессорлор жана мугалимдер менен жолугушуулар каралган. Алар реалдуу билим алуу жана студенттик жашоо жөнүндө айтып беришет. Маалыматтык сессиялардын учурунда ар бир факультетте билим алуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу билип аласыз.
Иш-чаранын коноктору үчүн университет боюнча экскурсия уюштурулат.
Сиз бардык маанилүү суроолорго жооп алып, БААУнун атмосферасын сезесиз: ачык, академиялык жана Эл аралык.
Ачык эшиктер күнү - бул университетти жана болочок кесипти тандоого карай алгачкы кадам.
Сиздерди 14-февралда күтөбүз.
Башталышы 12:00дө.
БААУ, Аалы Токомбаев көчөсү, 7/6

<< Назад к списку