69ɫ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Багыт алуу пррограммасы 2026: эки жума артта калды

28&Բ;августа&Բ;2026

Багыт алуу программасынын эки жумалык мазмундуу күндөрү артта калды. Бүгүн жабылыш аземи өтөт.

Адатттагыдай эле, биринчи курстун студенттеринин күнүнүн басымдуу бөлүгү академиялык сабактарга арналды. Мындан тышкары, алар өздөрүнүн сабактарынын жүгүртмөсүүн түзүүнү үйрөнүшүп, биринчи жолу курстарга онлайн-каттоодон өтүштү. Бул чынында оңой болгон жок, бирок алар муну ийгиликтүү ишке ашырышты!

Биринчи курстун студенттери өз факультеттеринин жетекчилери жана окутуучулары менен жолугушуп, "суроо-жооп" сессияларына катышышты. Ал эми кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралса, ыктыярчылар менен эдвайзерлер ар дайым жардамга келүүгө даяр болушту.
Ошондой эле кеңселердин бет ачарлары орун алды. Административдик-чарбалык кеңсенин жетекчиси Лилия Муслимова кампустагы жүрүм-турум эрежелери, коопсуздук техникасы жана өзгөчө кырдаалдардагы аракеттер жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, студенттер БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун, Карьераны өнүктүрүү кеңсесинин, Окутуу, билим берүү жана технологиялар борборунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Фрешмендердин көп убактысын Star Academy сынагына даярдануу алды. Бул жерде алар өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн жана таланттарын толугу менен көрсөтө алышты. Star Academy сынагынын финалы кечээ, бейшемби күнү болуп өттү.

Бүгүн Багыт алуу пррограммасынын жабылыш аземи өтөт. Университеттин сайтындагы жана социалдык тармактардагы баракчаларынан, ошондой эле Студенттердин сабактан тышкаркы ишмердүүлүгү боюнча кеңсенин Instagram баракчасынан акыркы жаңылыктарды байкап туруңуздар: @studentlife_auca.

<< Назад к списку