69ɫ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУ Китепканасы Жаштар үйү үчүн китеп чогултуу акциясын жарыялайт

23&²Բú²õ±è;сентября&²Բú²õ±è;2026

#китепкана#библиотека

Жаштар үйүндө 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн китепкана түзүлүүдө. Бул жерде балдар кызыктуу жана пайдалуу китептерди таап, жаңы окуяларды, билимдерди ачып, бош убактысын китеп окуу менен пайдалуу өткөрө алышат.

БААУ Китепканасы сиздерди китеп чогултууга кошулууга чакырат. Эгерде үйүңүздөрдө окулуп бүткөн, өспүрүмдөр үчүн кызыктуу жана пайдалуу боло турган китептер болсо, аларды Жаштар үйүнүн келечектеги китепканасына белекке бериңиздер.


Өзгөчө зарыл болгон китептер:
• көркөм адабият
• психология жана өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча китептер
• детективдер жана кызыктуу окуялар
• Кыргызстандын тарыхы боюнча китептер
• Билим берүүчү жана тарыхый адабияттар

Ìý

Китептерди чогултуу 2-октябрга чейин жүргүзүлөт. Китептерди БААУ китепканасынын 340-кабинетине алып келип тапшырсаңыздар болот.


Мүмкүн, дал сиздин китебиңиз кимдир бирөө үчүн эң биринчи сүйүктүү китеп болуп, жаңы нерсени билүүгө, өзүнө ишенүүгө же өз жолун табууга жардам берет. Келиңиздер, биргеликте Жаштар үйүнүн китепканасын түзүп, аны билимдер, окуялар жана кыялдар менен толтуралы!


Маалымат үчүн: Жаштар үйү «Жетим балдардын укуктарын коргоо» коомдук фонду тарабынан ачылган. Фонд жетим балдарга жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө өз алдынча турмушка көнүшүүгө, билим алууга жана турмуштук маселелерди чечүүгө жардам берет. Жаштар үйүндө балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жашашат. Бул жерде балдар социалдашуу курстарынан өтүп, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн өздөштүрүшөт, өз кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоону үйрөнүшөт.

Ìý

<< Назад к списку