Муратбек Азымбакиев: “Өзүңөргө ишенгиле, мына ошондо баары ишке ашат!”
28&²Բú²õ±è;сентября&²Բú²õ±è;2026
#Тимоти О’Коннор#Президент#Международная и сравнительная политика#китепкана#библиотека#ICP

23-сентябрда БААУда Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муратбек Абакирович Азымбакиев менен жолугушуу өттү. Иш-чаранын алкагында анын “Дубалдар эмес, көпүрөлөр: дипломаттын жазуулары. Кыйынчылыктар жөнүндө ачык айкын” (“Мосты, а не стены: записки дипломата. Честно о сложном”) аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Жолугушуу БААУ Президентинин кеңсеси, Китепканасы жана Эл аралык жана салыштырмалуу саясат таануу департаменти тарабынан уюштурулду.
Конокторду БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жылуу тосуп алды. Өз сөзүндө ал иш-чаранын уюштуруучуларына жана катышуучуларына ыраазычылык билдирип, сунушталган китеп кыргыз дипломатиясынын өнүгүшүнүн түрдүү баскычтары жөнүндө билүүгө мүмкүндүк берген баалуу баштапкы булак катары маанилүү экенин белгиледи.
“Бизге конокко келип, тажрыйбаңыз менен бөлүшүүгө макулдугуңузду бергениңиз үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Бул баарыбызга, биздин окутуучуларга, кызматкерлерге жана студенттерге бул китеп менен жакыныраак таанышууга эң сонун мүмкүнчүлүк”,- деп белгиледи президент.
Муратбек Азымбакиевдин чыгып сүйлөөсү “Эл аралык мамилелер системасы: геосаясат, геоэкономика, Кыргызстандын мисалында эл аралык мамилелердин акторлорунун инсандыгын (идентичностту) калыптандыруунун чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү” деген лекция форматында өттү.
Элчи ошондой эле өзүнүн өмүр жолу, башкы принциптери жана койгон максаттарына жетүүдө тоскоолдуктарды кантип жеңгени тууралуу айтып берди. Түп айылындагы мектепти бүтүргөндөн кийин МГИМОдо окууну кыялданганы тууралуу окуясы менен бөлүштү. Жыйынтыгында ал Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, андан соң М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетине которулуп, аны артыкчылык диплому менен аяктаган. Кийинчерээк Муратбек Азымбакиев СССР/РФ Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академисын аяктаган.
Жолугушуунун жүрүшүндө элчи бир ойго кайра-кайра кайрылып жатты: “Жолуңузда кандай гана кыйынчылыктар болбосун, ар дайым өзүңүздөн көз каранды болгон нерсени максималдуу түрдө жасоого аракеттениңиз, өз күчүңүзгө ишениңиз жана ийгиликсиздиктерге моюн сунбаңыз”.
Лекциядан кийин студенттер менен талкуу орун алды. Суроолор дипломатиялык карьерага, кесиптик принциптерге, дипломаттын жеке пикири менен мамлекеттин расмий позициясынын катышына, дипломат үчүн зарыл болгон билимдерге жана көндүмдөргө, ошондой эле Кыргызстандын артыкчылыктарына жана анын өнүгүү келечегине тиешелүү болду.
Жолугушуунун модераторлорунун милдетин БААУ китепканасынын директору Жылдыз Бекболаева жана эл аралык жана салыштырмалуу саясат таануу факультетинин доценти Наргиза Мураталиева аркалашты.
Жолугушуу аяктагандан кийин каалоочулардын баары китепти сатып алып, автордун кол тамгасын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Китептин бир нускасы БААУнун китепканасына тапшырылды.
Ìý










Ìý