69ɫ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

ЖРТ-2026нын “Алтын сертификатынын” ээси Актан Орозбаев

1&²Բú²õ±è;октября&²Բú²õ±è;2026

Актан Орозбаев Е. Б. Якир атындагы №61 мектептин бүтүрүүчүсү. Ал 9-классында эле Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) liberal arts форматындагы билим берүү ыкмасына кызыгып, окуусун ушул университетте улантууну чечкен.


- Өзүңүз жөнүндө бир аз айтып берсеңиз жана эмне үчүн БААУга тапшырууну чечтиңиз?
- Менин атым Актан Орозбаев. Мен Е. Б. Якир атындагы №61 мектептин бүтүрүүчүсүмүн. БААУга тапшырууну 9-класста эле чечкем, анткени бул университет башкалардан liberal arts форматындагы билим берүү ыкмасы менен айырмаланып турчу. Дал ошондо мен окууга тапшыруу жөнүндө олуттуу ойлоно баштап, ошол жайда ЖРТга даярдыкты баштагам.

Ìý

- Эмне үчүн колдонмо математика жана информатика факультетин тандадыңыз?
- Менин колдонмо математика жана информатика факультетин тандоомдун себеби биздин мектепте математика жана физика тереңдетилип окутулат. Мектеп мага табигый илимдер тармагында жакшы база берди, дал ушул нерсе менин келечектеги кесибимди тандоома таасирин тийгизди. Алган билимимди жөн гана математиканын өзүндө эмес, ал пайдалуу боло турган башка да тармактарда колдонуу мен үчүн кызыктуу.


- Багыт алуу программаңыз кандай өтүп жатат? Эмне өзгөчө эсиңизде калды?
- Башында Багыт алуу программа абдан оор жана бош эмес убакыттай сезилген. Түшүнбөй, жадакалса эртерээк кетип калууга аракет кылып жүрдүм, бирок убакыттын өтүшү менен графикке көнүп, көптөгөн группалаштарым менен тааныштым. Эң өзгөчө эсимде калганы – Багыт алуу программасынын биринчи күнү жана “БААУграфия” болду.

Ìý

- БААУдагы төрт жылдык билим алуудан эмнени күтөсүз?
- Мен өз тармагымдын эксперти болгум келет, тактап айтканда, математиканы каржыда, жасалма интеллектте жана трейдингде колдонууну үйрөнгүм келет. Ошондой эле ири долбоорлордун үстүндө иштөөнү жана жоопкерчиликти моюнга алууну өздөштүрмөкчүмүн. БААУ мага керектүү билимди алууга гана эмес, аны иш жүзүндө колдонуп көрүүгө да мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм.


- БААУга тапшырууну пландап жаткандарга кандай кеңеш берет элеңиз?
- 11-класстын окуучуларына жана колледж студенттерине даярдануу үчүн Жаңы муун академиясына (NGA) же SchoolClub курстарына көңүл бурууну сунуштайт элем. Даярдыкты мүмкүн болушунча эрте баштоо керек, ошондо даярдануунун өзүнө да, күтүлбөгөн кырдаалдарга да жетиштүү убактыңыз болот. Университет тандоодо баарына ийгилик каалайм!

Ìý

<< Назад к списку