69ɫ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Чий согуу: салтуу кол өнөрчүлүктөн заманбап искусствого карай

1&²Բú²õ±è;октября&²Բú²õ±è;2026

#Тимоти О’Коннор#Президент#антропология#anthropology

29-сентябрда Борбордук Азиядагы Америка Университетинин (БААУ) форумунда PREF 2025-26 “Чий согуу искусствонун, экологиянын жана маданий мурастын айкалышында” долбоорунун бир жылдык эмгегин жыйынтыктаган “Чий салттарын сактоочулар” аттуу жыйынтыктоочу арт-көргөзмө болуп өттү. Долбоордун автору – БААУнун “Антропология” программасынын магистранты Чолпон Кускакбаева. Изилдөө БААУнун Президенттик изилдөөлөр жана билим берүү фондунун (PREF) колдоосу менен ишке ашырылды. Бир жыл бою Чолпон Ысык-Көл жана Нарын облустарында талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп, чеберлер менен жолугуп, алардын оозеки аңгемелерин жыйнап, чий менен иштөөнүн салтуу ыкмаларын, үй-бүлөлүк архивдерди жана кол өнөрчүлүк билимдердин муундан-муунга өтүү жолдорун даректүү тасмага/документке түшүргөн.
Долбоордун максаты чий согуу салтын изилдөө жана сактоо гана эмес, ошондой эле чеберлердин өздөрүн — ушул билимдин жашап, өнүгүп жатышына жана заманбап искусство менен дизайнда жаңы формаларды табышына себепчи болгон адамдарды коомчулукка көрсөтүү болчу.
“Чий салттарын сактоочулар” жыйынтыктоочу арт-көргөзмөсү бир жылдык изилдөөнүн жыйынтыктарын чеберлердин чоң форматтагы текстиль портреттери, алардын тарыхы жана буюмдары аркылуу сунуштады. Чогулган коноктор салтуу кол өнөрчүлүктүн артында турган адамдар менен таанышып, чийди жөн гана тиричилик буюму катары эмес, Кыргызстандын тирүү маданий мурасынын бир бөлүгү катары көрө алышты. Өзгөчө таасирдүү учур — көргөзмөгө каармандардын үй-бүлөлөрүнүн катышуусу болду. Чеберлердин балдары жана неберелери жакындарынын портреттерин көрүүгө келишсе, айрымдар үчүн бул жолугушуу дүйнөдөн өтүп кеткен жакындарынын жаркын элесин эскерүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Иш-чаранын алкагында студенттерди, окутуучуларды жана университеттин кызматкерлерин бириктирген кооздуктарды жасоо боюнча мастер-класс да өттү. Катышуучулар чий менен иштөөнүн салтуу ыкмасы менен таанышып, байыркы кол өнөрчүлүк заманбап чыгармачылык форматтарда кантип колдонула аларын көрүп, өз буюмдарын жасап чыгышты. Мындай мастер-класстар долбоордун жүрүшүндө үзгүлтүксүз өткөрүлүп, катышуучулардын жандуу кызыгуусун жаратып, өнөрдү түздөн-түз иш жүзүндө таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Көргөзмөнүн өзүнчө бир бөлүгү катары Share Your Story About Chiy интерактивдүү стенди болду. Ал келген конокторду чийге байланыштуу үй-бүлөлүк тарыхтары, сүрөттөрү, эскерүүлөрү жана буюмдары менен бөлүшүүгө чакырды. Тарыхтарды жыйноого көргөзмө аяктагандан кийин да онлайн-форманы толтуруу аркылуу кошулууга болот: .

Чеберлердин тарыхы жана изилдөө материалдары менен БААУнун сайтынан тааныша аласыз: .

Жыйынтыктоочу көргөзмөнү даярдоодо жана өткөрүүдө БААУнун ыктыярчы студенттери маанилүү роль ойношту. Алар экспозицияны жасалгалоого, материалдарды даярдоого жана чеберчилик сабагын уюштурууга көмөктөшүштү. Чоң ыраазычылыктын белгиси катары БААУнун Президенти Тимоти О'Коннор аларга долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн сертификаттарды тапшырды.

Долбоордун гранттык баскычы аяктаганы менен, изилдөө иштери уланууда. Кийинки пландардын арасында — чеберлердин тарыхын, сүрөттөрүн, технологияларын жана муундан-муунга өтүп келген билимдерин бириктирген визуалдык жана оозеки архивди жаратуу бар. Долбоор маданий мурасты сактоо — бул жөн гана буюмдарды сактоо эмес, эң оболу салттын сакталып калышына себепчи болгон адамдарга, алардын тажрыйбасына жана билимине көңүл буруу экендигин эскертет.

Ìý

<< Назад к списку