БААУнун Инновациялык колледжинин бүтүрүүчүсү БУУнун аянтчасында чыгып сүйлөдү
8&²Բú²õ±è;октября&²Բú²õ±è;2026

БААУнун Инновациялык колледжинин (TSI 69ɫ) бүтүрүүчүсү Баймырза Өмүрбеков Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында чыгып сүйлөдү.
2026-жылдын 21-сентябрында Баймырза башка студенттери менен биргеликте БУУнун Башкы Ассамблеясынын Ооганстандагы аялдардын ролуна, тынчтыкка, адилеттүүлүккө жана улуттук элдешүүгө арналган иш-чарасына катышты. Жаштардын өкүлү катары ал жаштар менен аялдардын саясий турмушка, тынчтыкты чыңдоого жана өлкөнүн келечегин түптөөгө катышуусунун маанилүүлүгү тууралуу сөз сүйлөдү.
Баймырза Өмүрбеков БААУнун Инновациялык колледжин 2023-жылы аяктаган. Азыркы тапта ал багыты боюнча билим алууда. Баймырза – Принстон университетиндеги Кыргызстандан чыккан бакалавриаттын биринчи студенти болуп эсептелет.
.jpg)