69ɫ

БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

69ɫ HIGHLIGHTS

БААУнун китепканасында "Новое кино Кыргызстана" китептин бет ачары өткөрүлдү

3-декабрда, БАУУнун китепканасы жана "Телевидение, кино жана медиа искусство" бөлүмү "Новое кино Кыргызстана" аттуу китептин бет ачарын өткөрүштү.... Read More

Чыгармачыл жана экологиялык майрам: БААУда Рождество майрамына арналган жарманке кандай өттү

Өткөн аптада БААУда Рождество майрамына арналган БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан Жашыл БААУ программасынын алкагында Жашыл БААУ ыктыярчылык клубу менен биргеликте уюштурулган жарманке болуп өттү.... Read More

“Ылга 2.0” экоквести: жыйынтыгы, жеңүүчүлөр жана жаңы пландар

БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун Жашыл БААУ программасы өткөн аптада “Ылга 2.0” экоквестинин биринчи баскычынын жыйынтыгын чыгарды. Бул экоквесттин экинчи агымы, өткөн күздө башка катышуучулар менен биринчи агымы өткөрүлгөн эле.... Read More

“Ылга 2.0” экоквестинин жыйынтыгы тууралуу видео

Өткөн жума күнү БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору, “Жашыл БААУ” программасы ЖОЖдор, мектептер жана экоактивисттер арасында өткөрүлгөн “Ылга 2.0” экоквестинин жыйынтыгын чыгарышты. Финалдын атмосферасы – бул видеодо.... Read More

Китептерди реставрациялоо боюнча семинар: БААУ Казакстандын Улуттук китепканасы менен кызматташтыгын бекемдөөдө

19-21-ноябрь күндөрү БААУнун китепканасынын командасы Казакстандын Улуттук китепканасында болуп, китептерди реставрациялоо боюнча окутуу семинарына катышып келди.... Read More

Law Alumni Thanksgiving Reunion бүтүрүүчүлөр жолугушуусу

2025-жылдын 27-ноябрында ишке ашкан Law Alumni Thanksgiving Reunion бүтүрүүчүлөр жолугушуусу 69ɫ Law Program коомчулугу үчүн жылуу жана эсте калган окуя болуп калды.... Read More